Президент Эрдоган CNN Internationalда Бекки Андерсондун суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Кара деңиз дан коридорунда биз бир гана батыштын эле эмес Африка өлкөлөрүнүн да  муктаждыктарын камсыз кыла турган абалга келдик",- деди.

1988482
Президент Эрдоган CNN Internationalда Бекки Андерсондун суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Кара деңиз дан коридорунда биз бир гана батыштын эле эмес Африка өлкөлөрүнүн да  муктаждыктарын камсыз кыла турган абалга келдик",- деди.

CNN Internationalда Бекки Андерсондун суроолоруна жооп берген президент Эрдоган батыштын Укарина согушу тууралуу Россияга каршы мамилесине кошулбагандыгы жана бул тууралу "Батыштын дагы көп провокацияга  таянган саясат жүргүзгөндүгү" тууралуу сөөздөрдү эске салуу менен : "Украинага чоң масштабдуу аскердик жана финансылык  жардамдын жиберилиши  провокация деген мааниге келеби? Батыш бул жерде жаңылыштык кылып жатабы?",- деген суроого  төмөнкүчө жооп берди : "Азыркы учурда батыш тең салмактуу мамиле кыла элек. Тактап атканда Россия сыяктуу бир өлкөгө тең салмактуу мамиле кылуу туура болмок. Башкача айтканда мен урматтуу Путин менен бул мамилелеримди кандай өнүктүрүп жатсам ушул эле абалды батыш да аткарышы керек  эле. Анткени бири бирибизге муктажбыз. Мен батыштын ар бир өлкөсү менен кандай сүйлөшүп жаткан болсом бул жерде урмааттуу Путин менен да ошондой эле сүйлөшүп жатам. Кара деңиз дан коридорунда биз бир гана батыштын эле эмес, Африка өлкөлөрүнүн да муктаждыгын камсыздай турган абалга келдик. Дан өткөрүү процессин 18 -  майдан тарта дагы эки айга узарттык. Бул иш кандай болду? Урматтуу Путин менен болгон өзгөчө карым  - катнаштарыбыз менен болду". 

 



Тектеш кабарлар