Президент Эрдоган 19 - Май майрамына карата куттуктоо жарыялады

Эрдоган : «19-май – Түрк улутунун империалисттик күчтөргө каршы биримдик ичинде зулумчулукка моюн сунбай турганыдыгын билдири, тарыхтын эң улуу баатырдык дастандарынын бирин жаза баштаган күн»,- деди.

1988411
Президент Эрдоган 19 -  Май майрамына карата куттуктоо жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам билдирүү жарыялады.

Улуттук күрөштүн башкы командири, Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Самсунга келишинин 104 жылдыгынын кубанычын жашап жаткандарын белгилеген Эрдоган, 19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана спорт майрамы менен куттуктады.

Эрдоган : «19-май – Түрк улутунун империалисттик күчтөргө каршы биримдик ичинде зулумчулукка моюн сунбай турганыдыгын билдирип, тарыхтын эң улуу баатырдык дастандарынын бирин жаза баштаган күн»,- деди.

Ата-бабалардын эгемендүүлүк жана келечек үчүн көрсөткөн эрдиктерин кийинки муундарга эң ачык түрдө жеткирүү негизги милдеттери экенин белгилеген Эрдоган : «Ушул түшүнүк менен бир кылым илгери ата-бабаларыбыздан калган куттуу аманаттарга ээ чыгып,  өлкөбүздүн келечегинин символу болгон Түркия кылымын куруп жатабыз. Жаштарыбызды бардык жактан колдойбуз, аларга ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берип, чечкиндүүлүгүбүздү жана улуу, күчтүү Түркияны курууга болгон дилгирлигибизди сактап калуу үчүн аларга ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатабыз.

Өлкөбүздүн демократия жана өнүгүү жетишкендиктерин иштеп чыгууда жана ишке ашырууда  эң көп жаштарыбызга ишенебиз. Биз берген мүмкүнчүлүктөрдү мыкты пайдаланып, бизди сыймыктандырган жаштарыбыз менен сыймыктанабыз. Мамлекетибиз өнүгүп, өнүгүп, өскөн сайын жаштарыбыздын кыялдарын ишке ашыруусу үчүн биз дагы көбүрөөк колдоо көрсөтөбүз.

Түркия кылымы тууралуу көз карашыбызды ишенип тапшырган жаштарыбыздын, акыркы мамлекетибиз болгон Республикабызга ээч чыгуулары,  келечегибизге ишенимдүү кароого шарт түзүүдө. Бул ойлор менен дагы бир жолу 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктап, Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон боштондук согушубуздун бардык баатырларын урмат-сый менен эскерем»,-деди.



Тектеш кабарлар