Танжу Билгич Крым татар жана черкез сүргүнү тууралуу билдирүү жасады

Катчы Билгич Крым татар жана Черкез сүргүнү тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1988057
Танжу Билгич Крым татар жана черкез сүргүнү тууралуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи  Танжу Билгич Түркиянын Крым татар түрктөрүнүн мекендеринде күбөлүктөрүн коргоо менен  коопсуздукта жашоосу үчүн өткөн күндөрдө болгондой эле бүгүн да колдоосун улантып жаткандыгын айтты.

Катчы Билгич Крым татар жана Черкез сүргүнү тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди. 

Крымдын жергиликтүү калкы Крым татар түрктөрүнүн 79 жыл мурда мекендеринен мажбурлоо менен  чыгарылып, начар шарттарда сүргүнгө айдалгандыгын эске салган Билгич : "Боордошторубуздун негизги бир бөлүгү сүргүн учурунда же сүргүнгө айдалган жерлерде каза болду. Зомбулукту колдонбостон өз укугун талашууну улантып жаткан боордошторубуз 1944 -  жылдагы сүргүндөн кийин ондогон жыл мекени  Крым жарым аралына кайта алган жок",- деди. 

Билгич : "Түркия Крым татар түрктөрүнүн мекенинде өз күбөлүктөрүн сактоо менен коопсуздук ичинде жашоосу үчүн өткөн күндө болгондой эле бүгүн да колдоо көрсөтүүнү улантууда",- деди. 

Черкез сүргүнүнүн 159 жыл мурда Кавказ элдеринин 21 -  май күнү мекендерин таштап кетүүгө мажбурланып, оор шарттарда чоң жоготууга учурагандыгын, жыл сайын кайгылануу менен эскерилген трагедия экендигин белгилеген Билгич буларды айтты : "Тектеш Крым татар түрктөрү менен боордош Кавказ элдеринин кайгысын бөлүшүп, эсибезден кетпес из калтырган бул трагедиялуу окуяларда каза болгондорду урмат - сый менен эскеребиз".

 



Тектеш кабарлар