Алтун, Германияда эки түрк журналисттин камакка алышына каршылык көрсөттү

Фахреттин Алтун социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү бөлүштү.

1987709
Алтун, Германияда эки түрк журналисттин камакка алышына каршылык көрсөттү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Германияда эки түрк журналисттин камакка алышын айыптады.

Алтун социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү бөлүшүп: «Сабах гезитинин Германиядагы өкүлү Исмаил Эрел менен «Сабах Европа» гезитинин башкы редактору Жемил Албайдын, Жевхери Гүвен сыяктуу катталган ФЕТӨ мүчөсүнүн арызы боюнча кармалышын айыптайм»,-деди.

Түрк журналисттеринин Германияда ФЕТӨгө каршы жазган кабарлары үчүн таң эрте үйлөрүнө жана кеңселерине тинтүү жүргүзүлүп камакка алынышынын жана жабдыктарынын конфискацияланышынын басма сөз эркиндигин ачык бузуу экенине көңүл бурган Алтун: «Журналисттердин оозун жабууга карата Германиянын мындай позициясын кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана бул өлкөдөгү басма сөз эркиндигине жасалган кысымга тынчсызданабыз. ФЕТӨ мүчөлөрүн колдогон жана бул кандуу террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө уруксат берген немис макамдарын бул туура эмес мамилесинен артка кайтууга, террор менен күрөшүүдө Түркия менен чын жүрөктөн кызматташып, камактагы түрк журналисттерин мүмкүн болушунча тезирээк бошотууга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар