Түркиядагы шайлоо дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды

Түркияда  14 -  май жекшемби күнү болгон президенттик жана парламенттик шайлоо дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды.

1987074
Түркиядагы шайлоо дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды

Түркияда  14 -  май жекшемби күнү болгон президенттик жана парламенттик шайлоо дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды.

Шайлоо тууралуу маалымат берген Европадагы бир топ гезит 85 пайыздан ашуун катышуу болгонун белгилеп, түрк шайлоочунун шайлоого болгон кызыгуусуна көңүлдөрдү бурду.

Британиянын The Guardian гезити биринчи бетинен шайлоого жогорку катышуу болгондугуна көңүлдөрдү буруп : «Жогорку катышуу менен өткөн Түркиядагы шайлоо экинчи турга баратат»,- деп билдирди. Гезит 4 – 5 -  бетин толугу менен Түркиядагы шайлоого бөлгөн.

The Independent гезитинде да «Түркиядагы шайлоо экинчи турга баратат» деп жазган кабарында  түнү боюнча берилген билдирүүлөргө орун берген.

Франциянын France 24 каналы шайлоонун экинчи турга калгандыгын билдирди.

Германиядагы Bild  жана Welt гезиттери да шайлоо кабарларында экинчи айлампага басым жасады.

Австриянын коомдук телерадиокомпаниясы ORF Түркиядагы шайлоо тууралуу кабарын «Түркия шайлоонун экинчи айлампасына барат»деп билдирген.

Болгариянын Улуттук телекөрсөтүүсү (BNT) кабарында : «Түркияда өткөрүлгөн шайлоодо (Президент Режеп Таййип) Эрдоган жана атаандашы Республикалык элдик партиясынын (CHP) лидери Кемал Кылычдароглу экинчи турда ат салышат. Экөө тең президенттик шайлоодо биринчи турда жеңүү үчүн зарыл болгон 50 пайызlsr добушка ээ боло алган жок»,- деп билдирди.

Испанияда чыккан El Mundo жана  La Vanguardia шайлоонун экинчи турга калышын алдыңкы планга чыгарган.  

Италиянын ANSA агенттиги да  «Түркия экинчи турга баратат. Эрдоган 50 пайыздын астында» деген темада Түркиядагы шайлоону башкы беттен билдирген.

Бельгиянын жогорку тираждуу француз тилиндеги гезити «Ле Соир» гезити «Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына карай» деген темада билдирген. 

Грециядагы «Та Неа» гезити экинчи айлампанын жыйынтыгын аныктай турганын баса белгилеген.

Эстониянын Коомдук телерадиокомпаниясы (ERR) да Түркиядагы шайлоо системасы тууралуу маалымат берип, шайлоонун экинчи турга калгандыгын жана катышуунун 90 пайызга жакын болгонун баса белгилеген.

Орус «Взгляд» гезити Россиянын бул шайлоону абдан жакындан иликтегендигине көңүлдөрдү бурган.

«Российская газета» «Эрдоган добуштардын 100 пайызы саналгандан кийин 49,35 пайыз добуш алды» деген кабарында шайлоонун экинчи турга калгандыгына болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Сирия режимине жакындыгы менен таанылган «Ватан» гезити Түркиядагы президенттик жана 28-мөөнөттүк парламенттик шайлоо тууралуу кабарында добуш берүү процессиндеги көп сандаган катышуучу  тууралуу билдирген.



Тектеш кабарлар