Мевлүт Чавушоглу Россияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Москвада Сирия боюнча төрт тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

1984802
Мевлүт Чавушоглу  Россияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиянын борбор шаары Москвада Сирия боюнча төрт тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

Министр Чавушоглу Твиттер баракчасынан Лавров менен жолугушууда Сирия, Украина жана Кавказдагы абалдар менен дан келишимин сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Түркия, Россия, Иран жана Сириядагы Башар Асад режиминин тышкы иштер министрлеринин Сирия тема болгон жыйынында карым  - катнаштардын калыбына келтирилиши  тууралуу пикир алышууларда болуу жана террор менен күрөшүү, саясий  процесс,  баш калкалоочулардын ыктыярдуу, коопсуз түрдө кайтуусу сыяктуу темалардын каралуусу күтүлүүө.

Министр Чавушоглу башка бир билдирүүсүндө да Москвадагы Сирия тема болгон тышкы иштер министрлеринин төрттүк жыйыны тууралуу : "Террор менен күрөшүүдө кызматташуу, кайтуулардын инфраструктурасын кызматташуу ичинде  камсыз кылуу, саясий процесстин алдыга жылдырылышы жана Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн сакталышы керектигин баса белгиледик",- деди. 

Чавушоглу өзгөчө Москвада ирандык кесиптеши Хүсейин Эмир Абдуллахиян менен да жолугушту. 

Министр Чавушоглу твиттерден берген билдирүүсүндө Абдуллахиян менен жолугушуусунун күн тартибинде Сирия, бири бирине карата жогорку деңгээлдеги сапарлар менен бирге Түркия менен Ирандын ортосунда экономикалык жана энергетика кызматташуусунун орун алгандыгын белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар