Өлкө тышында добуш берүү процесси

Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процедуралары бүгүн аяктап, бажыларда 14-май саат 17.00гө чейин уланат.

1984105
Өлкө тышында добуш берүү процесси

14 -  майда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр менен бажыканаларда добуш берген шайлоочулардын саны 1 миллион 763 миң 361ге жетти. 

Жогорку Шайлоо Комиссиясынан алынган маалыматка караганда, 27-апрелде бажы дарбазаларында башталган добуш берүүнүн алкагында өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө 1 миллион 642 миң 721 шайлоочу, бажыларда  120 миң 640 шайлоочу добуш берди.

Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процедуралары бүгүн аяктап, бажыларда 14-май саат 17.00гө чейин уланат.

 



Тектеш кабарлар