Түркиянын учкучсуз тик учагы бул жылы учат

Учкучтуу жана учкучсуз учуучу аппараттар боюнча дүйнөдө абдан жакшы орунга ээ болгон Түркиянын жаңы максаты алдыбыздагы бир канча айдын ичинде учкучсуз тик учагын да учуруу.

1983139

Дүйнөнүн эң ири учак өндүрүүчүсү менен жүргүзүлүп жаткан  стратегиялык өнөктөштүктөр менен бирге Улуттук аскердик учак КААН алдыңкы реактивдүү машыгуу жана жакын абадан колдоо учагы Хүржет, жеңил кургактыктан чабуул жасоочу Хүркуш, АНКА куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттары сериясы, жалпы максаттагы тик учак Гөкбей, АТАК чабуул коючу тик учак,  камикадзе учкучсуз учуучу аппарат Шимшек үй-бүлөсү, жерди байкоо спутниги Гөктүрк жана башка көптөгөн долбоорлор менен авиациялык жана  космостук өнөр жайы ТУСАШ Түркиянын сыймыгы катары жолун улантууда.

ТУСАШ тик учак боюнча башкы директорунун орун басары Мехмет Демироглу коргонуу өнөр жайы секторунда бир канча убакыттан бери айтылып келе жаткан "ТУСАШ учкучсуз чабуул коючу тик учагы иштеп жатат" деген сөздөрдү ырастады. 

Демироглу : "Учкучсуз тик учактын бир канча айдын ичинде  учканын көрөбүз",- деди. 

Тектеш кабарлар