Эрдоган: "Террордук уюмдарга каршы күрөшүбүз уланууда"

Президент Эрдоган, айрым телеканалдардын биргелешкен эфирине катышып журналисттердин суроолоруна жооп берди жана билдирүүлөрдү жасады.

1981275
Эрдоган: "Террордук уюмдарга каршы күрөшүбүз уланууда"
erdogan gazeteciler.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Улуттук чалгындоо уюмунун Сирияда Абу Хусейн аль Курейши камана аттуу ДЕАШтын корбашчысын жок кылганын билдирди.  

Президент Эрдоган, айрым телеканалдардын биргелешкен эфирине катышып журналисттердин суроолоруна жооп берди жана билдирүүлөрдү жасады.

Эрдоган Түркиянын өз коопсуздугу үчүн чек аранын ичинде жана тышында жүргүзгөн террорго каршы күрөшүнүн террор уюмдарын коркутуп жатканын, террористтердин башын көтөрө албай калганын, террордук уюмдун дем алышына уруксат берилбегенин айтты.

Түркиянын террор менен күрөшүнүн Европанын коопсуздугуна да салым кошконуна көңүл бурган Эрдоган, Түркиянын НАТОнун ичинде террордук уюмдар ДЕАШ, ПКК/ЙПГ жана ФЕТӨ менен эң эффективдүү күрөшкөн жалгыз өлкө экенин билдирди.

Эрдоган акыркы жылдарда Ирак жана Сирияда иш алып барган ПККнын ар түрдүү деңгээлдеги көптөгөн жетекчилеринин Улуттук чалгындоо уюму тарабынан таасирсиз кылынганын, ФЕТӨнүн чет өлкөдөгү мүчөлөрүнүн бир бөлүгүнүн Түркияга алып келингенин айтты.

Улуттук чалгындоо уюмунун 29-апрелде Сириядагы операция менен ДЕАШтын корбашчысы Абу Хусейн аль Курейши каймана аттуу террористти жок кылганын кабарлаган Эрдоган: «Мындан кийин дагы террордук уюмдарга каршы күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар