Чет өлкөдө добуш берүү процесси уланууда

Чет өлкөдөгү шайлоо тизмесине 3 жарым миллиондой шайлоочу катталган.

1980728
Чет өлкөдө добуш берүү процесси уланууда

14-майда боло турган Президенттик жана парламенттик шайлоолор үчүн чет өлкөлөрдө үкөктөр орнотулган өкүлчүлүктөрдө добуш берүү уланууда.

Түрк шайлоочуларынын саны эң көп болгон өлкө Германия. Курулган шайлоо борборлорунун алдында бүгүн да узун кезек түзүлдү.

Берлин Башкы консулдугунун бакчасындагы шайлоо борборунда биринчи күнү 2 миң 567 добуш берилди. Берлинде биринчи күнкү добуштарды эске алганда, шайлоочулардын катышуусу 56 пайызды түздү.

Германиядагы 13 өкүлчүлүктөн тышкары дем алыш күндөрү дагы 3 пунктка үкөктөр орнотулат. Чет өлкөдөгү берки шайлоо борборлорунда да үкөктөрдүн саны көбөйтүлөт.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Франция, Австрия, Дания жана Люксембургдагы шайлоочулар да добуш берүүнүн экинчи күнүндө шайлоо участкаларына барышты. Бул өлкөлөрдөгү шайлоочулар 9-майга чейин добуш бере алышат.

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) шайлоочулар да эртеңден баштап добуш берүүгө барат. АКШдан тышкары Австралия, Бельгия, Нидерландия, Англия, Швейцария, Канада, Норвегия, Орусия жана Грециядагы шайлоочулар бажы бекеттеринде жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш бере алышат.

Чет өлкөдөгү шайлоо тизмесине 3 жарым миллиондой шайлоочу катталган.



Тектеш кабарлар