Түркия атомдук энергияга ээ болду

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин, Мерсиндеги Аккую атомдук электр станциясынын биринчи өзөктүк отун жеткирүү аземине түз байланыш аркылуу катышты.

1980348
Түркия атомдук энергияга ээ болду
putin.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын атомдук энергияга ээ өлкөлөрдүн лигасына көтөрүлгөнүн айтты.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин, Мерсиндеги Аккую атомдук электр станциясынын биринчи өзөктүк отун жеткирүү аземине түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган атомдук отундун станцияга аба жана деңиз аркылуу жеткирилиши менен Аккуюнун эми атомдук объект статусуна ээ болгонун белгиледи.

Президент Эрдоган: «Европа комиссиясы атомдук энергияны «жашыл энергия» катары кабыл алып шектенүүлөрдү жойду. Биз да Аккую менен өлкөбүздү бул өнүгүүнүн бир бөлүгү кылдык»,-деди.

Эрдоган: «Аккую Орусия менен эң чоң биргелешкен инвестициябыз»,- деп айтып: «(Аккую) Станциянын бардык агрегаттары 2028-жылга чейин акырындык менен ишке киргизилет. Өлкөбүздүн электр муктаждыгынын 10 пайызы ушул станция тарабынан камсыздалат. Толук кубаттуулукта ишке киргенде бул жерде жылына болжол менен 35 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт»,- деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «(Аккую) Табигый газ импортубуздун азайышына жыл сайын 1,5 миллиард доллар салым кошо турган бул долбоор, улуттук кирешебиздин өсүшүнө да оң таасирин тийгизет. Долбоордогу тажрыйбабыздын негизинде биз ар кайсы аймактарда курууну пландап жаткан 2- жана 3- атомдук электр станцияларыбыз үчүн мүмкүн болушунча тезирээк аракет кылабыз»,-деп айтты.

Аккую атомдук станциясына биринчи атомдук отунду тапшыруу аземине түз байланыш аркылуу катышкан Орусиянын президенти Путин болсо өз сөзүндө: «Түркия эми дүйнөнүн эң үнөмдүү булактарынан атомдук энергияга эгедер өлкө болот. Түркия-Орусия тарыхындагы эң чоң биргелешкен долбоорлордун бири болгон Аккую атомдук станциясы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы коңшулук карым-катнаштарга да салым кошот»,- деди.

Путин Аккую атомдук станциясына байланыштуу билдирүүсүндө: «Бул пилоттук долбоор. Ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын көздөйт жана эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүктү бекемдейт»,-деп айтты.

Орусиянын президенти Путин: «Эки өлкөнү тең бири-биринин рынокторунда жана туризминде активдүү болууга үндөйбүз жана бул үчүн каттамдардын санын көбөйтүүнү чечтик»,-деди.

«Аккую станциясындагы система дүйнөдөгү эң заманбап жана ишенимдүү коопсуздук системаларынын бири», - деп билдирген Путин: «Эрдоган мырзанын жеке өзү жана Түркия өкмөтү өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн канчалык кызмат кылганын бизге көрсөтүүдө»,-деди.

Владимир Путин, Аккую атомдук станциясын Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жетиштиришинин Эрдогандын жеке ийгилигинин негизинде ишке ашканын айтты.



Тектеш кабарлар