Чек ара бекеттеринде добуш берүү процесси башталды

Чек ара бекеттериндеги добуш берүү процесси 14-май жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 17.00дө аяктайт.

1979933
Чек ара бекеттеринде добуш берүү процесси башталды

Президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоонун алкагында чет өлкөдөгү шайлоо тизмесине катталган шайлоочулардын добуш берүү процесси башталды.

Түркиянын Европага ачылган чек ара капкалары Капыкуле, Ыпсала, Пазаркуле, Хамзабейли жана Дерекөйдө чет өлкөдөгү шайлоо тизмесине катталган жарандар добуш бере алышат.

Капыкуленин кире бериш, чыга бериш жана поезд станциясы болуп 3, Ыпсала, Пазаркуле, Хамзабейли жана Дерекөй чек ара бекеттеринде 1 үкөк орнотулду.

Чек ара бекеттериндеги добуш берүү процесси 24 сааттык негизде жүргүзүлүп, 14-май жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 17.00дө аяктайт.



Тектеш кабарлар