Чавушоглу Антальяда жашаган чет элдиктер менен жолугушту
Министр Чавушоглу «Антальяда жашаган чет элдиктердин бейөкмөт уюмдары конференциясына» катышты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, кыйынчылыкка кабылгандарга колдоо көрсөтүп келгендерин белгилеп: «Биз ар дайым кайрымдуу жана тынчтыкчыл позицияны кармандык, мунун пайдасын 6-февралдагы жер титирөөдө көрдүк»,-деди.
Чавушоглу быйыл биринчиси өткөрүлгөн «Антальяда жашаган чет элдиктердин бейөкмөт уюмдары конференциясына» катышты.
Чавушоглу дүйнөнүн төрт бурчунан 26 башка бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү катышкан конференцияда сөз сүйлөп, Антальяда дос жана боордош өлкөлөрдөн келген адамдардын тынчтыкта жашап жаткандарын айтты.
Тышкы саясаттын алкагында Түркиянын аймактагы жана глобалдык дипломатиядагы позициясына көңүл бурган Чавушоглу, ырааттуулук жана тынчтык темасында жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.
Чавушоглу: «Кыйынчылыкка кабылгандардын жанында болдук, ар дайым кайрымдуу жана тынчтыкчыл позицияны кармандык. Мунун пайдасын 6-февралдагы жер титирөөдө көрдүк. Түркияда баары мобилизацияланды. Сиздердин бирикмелер да жер титирөөдө бир туугандарыбызга жардам берүү үчүн мобилизацияланды. Баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз»,-деди.
Дос жана боордош өлкөлөр менен кызматташтыкты арттыруунун маанисин түшүндүргөн Чавушоглу, «Түркия кылымы» максатына байланыштуу чечкиндүүлүктү баса белгиледи.
Министр Чавушоглу катышуучулардын суроолорун жана талаптарын укту.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.