«Мекенге кайтуу долбоорлорунун» алкагында чет өлкөлөрдө иштеген 6 миң илимпоз Түркияга келди

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

1979493
«Мекенге кайтуу долбоорлорунун» алкагында чет өлкөлөрдө иштеген 6 миң илимпоз Түркияга келди

Президент Режеп Тайип Эрдоган, 2018-жылы ишке ашырылган «Мекенге кайтуу долбоорлорунун» алкагында чет өлкөлөрдө иштеген 6 миң илимпозду Түркияга алып келгендерин айтты.

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Эрдоган «Түркия кылымы» хештеги менен бөлүшкөн билдирүүсүндө: «2018-жылы ишке ашырылган Мекенге кайтуу долбоорлорунун алкагында чет өлкөлөрдө иштеген 6 миң илимпозду улутубузга жана мекенибизге алып келдик. Илимпоздорду өлкөбүзгө тартууну улантабыз. Анткени Түркия азыр кеткендер кайтып келген өлкө»,-деди.

Билдирүүдө, башталгыч билимин Муш шаарында бүтүргөн жана көп жылдардан кийин Англияда сабак бере баштаган бир илимпоздун, Эрдоган жазган кат менен өлкөгө кайтып келгенин баяндаган видео да орун алды.



Тектеш кабарлар