Президент Эрдогандан Судан дипломатиясы

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүлөрдө Судандагы абал талкууланды.

1977709
Президент Эрдогандан Судан дипломатиясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы Абдулфеттах Абдуррахман аль-Бурхан жана Судандын Эгемендик кеңешинин төрага орун басары жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири Мухаммед Хамдан Дагало менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүлөрдө Судандагы абал талкууланды.

Президент Эрдоган, Судандагы окуяларды бир туугандык сезим менен тынчсыздануу менен байкап жаткандарын айтты.

Түркиянын Судандагы өткөөл процессти эң башынан эле чын жүрөктөн колдогонун белгилеген президент Эрдоган, акыркы окуялардын 2018-жылдан бери уланып келе жаткан күрөшкө зыян келтиргенин жана өткөөл мезгилдин жетишкендиктерин тобокелге салганын белгиледи.

Тараптарды кагылышууларды токтотууга, бир тууган канын төгүүнү токтотууга жана диалогго кайтууга чакырган Эрдоган Суданды коомдун биримдигин камсыз кылуу үчүн керектүү кадамдарды жасоого, карым-катнаштарга эшикти жаппоого жана маселелерди акыл-эстүүлүк менен чечүүгө чакырды.

Президент Эрдоган Түркия катары бул процессте бир тууган Судан мамлекети жана калкынын жанында болууну уланта тургандарын, мүмкүн болгон ортомчулук демилгелерине кожоюндук кылуу менен бирге ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Судандагы түрк жарандарынын жана мекемелеринин өмүрүнүн жана мүлкүнүн корголушуна кам көрүү жана көңүл бурулушу керектигин белгилеген Эрдоган, түрк жарандарынын Түркияга өтүшүн камсыз кылуу жана шашылыш гуманитардык жардам коридорун ачуу үчүн Хартум аэропортунун коопсуз пайдаланылышы үчүн тиешелүү чаралардын көрүлүшү керектигин да билдирди.



Тектеш кабарлар