Эрдоган Омандын султаны менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия-Оман мамилелерин жакшырта турган темалар жана аймактык маселелер каралды.
1977314
Президент Режеп Таййип Эрдоган Омандын султаны Хейсам бин Тарик менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Оман мамилелерин жакшырта турган темалар жана аймактык маселелер каралды.
Ошондой эле лидерлер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташты.