Эрдоган Кожаелиде ооз ачуу программасына катышты

Президент Эрдоган Кожаели Конгресс борборунда жер титирөөдөн жабыркагандар менен ооз ачарда сөз сүйлөдү.

1975434
Эрдоган Кожаелиде ооз ачуу программасына катышты
erdogan kocaeli iftar.jpg
erdogan kocaeli iftar.jpg
erdogan kocaeli iftar.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган жер титирөөгө чыдамдуу үйлөрдүн пайдубалын тез эле тургузгандарын, кечээтен тарта курулушу башталган үй жана айыл үйүнүн саны 100 миңге жеткенин айтты.

Президент Эрдоган Кожаели Конгресс борборунда жер титирөөдөн жабыркагандар менен ооз ачарда сүйлөгөн сөзүндө, атуулдарды Рамазан айы менен куттуктап, ифтарга келгендер менен жолугушуусунан улам чын жүрөктөн байланышынын күчөгөнүн сезгенин айтты.

Бул жылы Рамазанды өзгөчө жер титирөөдөн жабыркагандар менен өткөрүүгө атайын аракет кылгандарын белгилеген Эрдоган:«Биз жер титирөөгө чыдамдуу турак жайларыбыздын пайдубалын тездик менен түптөп жатабыз. Курулуш процесси башталган турак жайлардын жана айылдагы үйлөрдүн саны кечээки күнгө карата 100 миңге жетти. Майрамда жер титирөөдөн жабыркагандарды жалгыз калтырбайбыз. Курулушу бүткөрүлгөн айылдын айрым үйлөрүн тапшырабыз. Кырсыктан үйлөрү талкаланып, жакындарынан ажырап, калыптанып калган жашоо тартиби бузулган боордошторубуз бул курулуштарды көргөндө кайрадан жашоого кайраттанып жатышат»,-деди.



Тектеш кабарлар