Акар террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Акар Кайсериде жарандар менен жолугушту.

1975602
Акар террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн Сириянын түндүгүндө казган чуңкурларга көмүлүшүнүн, Ирактын түндүгүндөгү террористтердин лагерлерин жок кылуунун уланып жатканын билдирди.

Акар Кайсериде жарандар менен жолугушту.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде күчтүү жана улуу Түркия болуу үчүн чечкиндүүлүк менен алга илгерилегендерин белгилеген Акар, коопсуздуктун өлкөнүн өсүп, күчтөнүүсүндө эң маанилүү факторлордун бири экенин айтты.

Акар : «Асыл улутубузду 40 жылдан бери кыйнаган террор балээсинен куткаруу үчүн эмне кылуу керек болсо, ошону кылып жатабыз. Өлкө ичинде бүткөрүлдү. Террорчулар Сириянын түндүгүндө казган чуңкурларга көмүлүштү, азыр болсо Ирактын түндүгүндө террордук лагерлер талкаланып жатат, баш калкалоочу жайлары, үңкүрлөрү жана уялары талкаланууда»,-деп айтты.

Террористтердин артында ким турса дагы күрөштүн чечкиндүүлүк менен улана турганын белгилеген Акар: "Мехметчик (түрк аскери) террористтерге каршы чоң баатырдык менен баратат. Террордук уюмдун азыр кыйроо абалында экенин көрүп жатабыз. Буга тоскоол болуу, террордук уюмга дем берүү үчүн аракет кылгандар бар. Булар текке кеткен аракеттер боло турганын, алар террордун  кыйрашына тоскоол боло албастыгын ар бир адам билиши керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар