Түркия Даниядагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, "Бүгүн (кечээ) дагы бир жолу ыйык китебибиз Куранга жана даңктуу желегибизге жасалган ыплас кол салууну айыптайбыз. Бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан, буларга уруксат берүү кабыл алынгыс»,- деп айтылды.

1975219
Түркия Даниядагы кол салууну айыптады

Түркия Данияда Куран жана түрк желегине жасалган кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, "Бүгүн (кечээ) дагы бир жолу ыйык китебибиз Куранга жана даңктуу желегибизге жасалган ыплас кол салууну айыптайбыз. Бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан, буларга уруксат берүү кабыл алынгыс»,- деп айтылды.  

Түркиянын бул маселеге карата позициясынын Даниянын Анкарадагы элчисине билдирилгендиги белгиленген билдирүүдө : «Европада акыркы мезгилдерде күч алган ислам жана чет элдик душмандыгын чагылдырган жийиркеничтүү кол салууга жана буга окшогон  жек көрүү кылмыштарына каршы көп тараптуу платформаларда жана эки тараптуу чөйрөдө аракеттерибизди эч шексиз улантабыз»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Даниянын бул тууралуу сезимталсыз мамилесине дүйнөдөгү бардык мусулмандардын каршы чыккандыгы жана миллиарддаган адамдын тынчсыздануусуна көңүл бурулбагандыгы белгиленди. Өзгөчө Рамазанда уланып жаткан мындай провокацияларды  алдын алуу үчүн чараларды көрүү талабы дагы кайталанды.

Данияда Куран жана түрк желегине кайталанган кол салууну айыптаган Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Муну адам укуктары, ой эркиндиги, цивилизация жана заманбаптык менен түшүндүрүүгө болбойт. Тиешелүү өкмөттөр жана министрликтердин тез арада чара көрүшүн күтөбүз», - деди.

Данияда Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында түрк желеги жана Куран китебине кол салуу болгон.

Данияда ислам душмандыгы жана ультра улутчул болгон Payrioterne Gar Live деп аталган маргиналдык топтун мүчөсү тарабынан уюштурулган провокация Danske Patrioter Facebook эсебинде түз эфирде көрсөтүлдү.

Группанын бир мүчөсү ислам душмандыгы баннер ачып, исламга акаараттарды камтыган ураандарды айтып, түрк желегине карата кол салган.

Данияда 24-31-март күндөрү Түркиянын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куран жана түрк желегине кол салуу болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар