Эрдоган-Мирзиёев сүйлөшүүсү
Коммуникация башкаркамалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Өзбекстан карым-катнаштары талкууланды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башкаркамалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Өзбекстан карым-катнаштары талкууланды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө «Тогг» унаасын алган Өзбекстандын президенти Мирзиёевге ийгилик каалады.
Түрк дүйнөсү катары биримдикте дагы көптөгөн жетишкендиктерге жете тургандарына ишенгенин белгилеген Эрдоган, Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы күчтүү кызматташтыктын бул түшүнүктүн негизги түркүктөрүнүн бири экенин айтты.
Өзбекстандын президенти Мирзиёев болсо президент Эрдоганга Тогг белеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Эрдогандын жетекчилигинде Түркиянын ар бир тармактагыдай эле өнөр жай тармагында да таштаган кадамдарынын абдан маанилүү экенин айткан Мирзиёев, Тоггдун Түркиянын жана түрк дүйнөсүнүн ийгилиги катары каттала турганын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.