Түркияда акыркы апталарда жасалган иштер

Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

1972221
Түркияда акыркы апталарда жасалган иштер

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы бир канча аптанын ичинде элдин сыймыгы боло турган көптөгөн иштерди, реформаларды жана инвестицияны ишке ашыргандарын айтты.

Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасап: «Акыркы бир нече аптада улутубуздун сыймыгы боло турган көптөгөн иштерди, реформаларды, инвестицияларды ишке ашырдык, эч токтобостон элибиз үчүн иштөөнү улантабыз»,-деди.

Президент Эрдогандын билдирүүсүндө төмөнкү сөздөр орун алды:

«(Стамбул) Багжыларда 3 миллиард 412 миллион лиралык 97 долбоорду ишке киргиздик. Улуттук согуштук учак менен Хүржетти ангардан чыгардык. (Стамбулда) Башакшехир Чам жана Сакура шаардык ооруканасынын Каяшехир метро линиясын ачтык. Учкучсуз согуштук учак Кызылелманын бийиктиктеги сыноолорун өткөрдүк. Пенсия курагын күтүп жаткан 2 миллион 250 миң адамдын талабын аткардык. (Балыкесир Бандырмада) Бор карбид өндүрүүчү ишкананы ишке киргиздик. Эң төмөнкү пенсияны 7 миң 500гө, майрамдык жөлөк пулду 2 миң лирага көтөрдүк. 60 жылдык кыялабыз болгон Тоггду жолдорго чыгардык. Ирактын премьер-министри менен бирге Түркияны Перс булуңу аймагына байланыштыра турган Өнүгүү жолуна кол койдук. Жер титирөө болгон аймактарды кыдырып, ушул убакка чейин 78 миң турак жай жана айыл үйүнүн курулуш процессин баштадык»,-деди.



Тектеш кабарлар