Чек арада 2 террорист кармалды
Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1972552
Сириядан мыйзамсыз жолдор менен Түркияга өтүүгө аракет кылган террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчөсү 2 киши кармалды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: "Чек арабыздын коопсуздугу үчүн күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланууда. Чек ара бүркүттөрүбүз Сириядан мыйзамсыз жолдор менен өлкөбүзгө өтүүгө аракет кылган 2 кишини кармашты. Тергөөдө кармалгандардын террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө экени аныкталды" деп кабарланды.