Эрдоган Израилдин президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта орун алды.

1971887
Эрдоган Израилдин президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин президенти Ицхак Герцог менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Месжид-и Аксага жүргүзгөн тинтүүсү, Кыбыла мечитиндеги кол салуулары жана ыйык жерлерге жасаган катаал кийлигишүүсү талкууланды.

Анда болуп өткөндөрдүн мусулмандардай эле бүткүл адамзаттын абийирин сыздатканын белгилеген президент Эрдоган, Месжид-и Аксанын статусуна жана руханиятына карата жасалган провокациялар жана коркутуулар алдында унчукпай коюунун мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

Эрдоган Рамазандын Пасах майрамына туура келген бул сезимтал мезгилде Газа жана Ливанга жайылган чыңалуулардын күчөшүнө жол берилбеши керектигин айтты.

Радикалдуу жөөт топторунун Месжид-и Аксаны басып алуу чакырыктарынын реакцияларды жана кооптонууларды арттырганын белгилеген Эрдоган, өзгөчө 11-апрелде баштала турган итикаф мезгилинде мусулмандардын эч кандай кыйынчылыксыз намаз окушу үчүн керектүү чараларды көрүүнүн маанисине көңүл бурду.

Ар бир Рамазан айында кайталанган бул окуялардын аймактын тагдырына айлануусуна жол бербөөнүн зарылдыгын билдирген президент Эрдоган, маселенин түпкүрүнө барып, адилеттүү жана бекем тынчтыкты орнотууга карай кадам таштоо үчүн өз салымын кошууга даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар