Мустафа Шентоп Ибрахим Бугали менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Израилдин Месжид  - и Аксага жана Палестина калкына карата кол салууларына каршы биргелешкен позицияда туруу керектигин талап кылды.

1971853

Мустафа Шентоп Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин (ISIPAB) кезектешкен башкаруучусу Ибрахим Бугали менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Израилдин Месжид  -  и Аксага жана Палестина калкына карата баштаган кол салууларына каршы  Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдиги катары орток позицияда болушу керектигин белгилеген Шентоп Израиль коопсуздук күчтөрүнүн кол салууларынын алдында эл аралык коомчулуктун так кадамдарды таштап, бул маселени тез арада күн тартиптерине алышы керектигин айтты. 

Шентоп Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин  Месжид-и Аксага жасалган кол салууларына каршы парламенттер аралык кызматташтык менен тез аракетке өтүшү керектигин да баса белгиледи.

Шентоптун сунушу менен Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин мурдагы кезектешкен башкаруучусу Түркия учурдагы кезектешкен башкаруучу Алжир жана андан кийинки кезектешкен башкаруучу Котдивуар Республикасынын (Пил Сөөгү Жээги) ортосунда онлайн жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

Тектеш кабарлар