Руандадагы тутсилерге каршы геноцид дагы бир жолу эскерилди

Тышкы иштер министрлиги, Руандадагы тутсилерге каршы геноциддин жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1971560
Руандадагы тутсилерге каршы геноцид дагы бир жолу эскерилди

Түркия, Руанда Республикасында 1994-жылы болгон жана адамзаттын жакынкы тарыхындагы эң чоң зулумдуктардын бири саналган тутсилерге каршы геноциддин дагы бир жолу терең кайгыруу менен эскерилгенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, Руандадагы тутсилерге каршы геноциддин жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Тутсилерге каршы жасалган геноциддин дагы бир жолу терең кайгыруу менен эскерилгени белгиленген билдирүүдө: «Дос Руанда мамлекетинин жана элинин азабын чын жүрөктөн тең бөлүшөбүз. Руанданын бул кыйынчылыктарды жеңүү менен коомдук тынчтыкты кайрадан орнотуусун жогору баалайбыз. Мунун негизинде камсыз кылынган тынчтык, ырааттуулук жана жыргалчылык чөйрөсү туруктуу болот деп үмүттөнөбүз»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө: «Түркия, адамзатка каршы ар кандай кылмыштарга, расизмге, исламофобияга, ксенофобияга жана экстремисттик идеологияга каршылык көрсөтөт жана келечекте да ушундай азаптарга жол бербөө үчүн күрөшүн улантат»,-деп айтылды.

1994-жылы Руандада хутулар ошол кездеги президент Жувенал Хабяримананын учагынын кырсыкка учурашы үчүн айыптаган тутсилерге каршы геноцидди башташкан. Өлкөдө 100 күнгө созулган кыргында 800 миңден ашык хуту жана тутси каза тапкан.

Тарыхтагы эң чоң геноциддердин бири катары саналган геноцидден улам БУУ тарабынан «Руанда геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнү» жыл сайын 7-апрелде өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар