Акар: "Израиль бийлиги кол салууларды дароо токтотушу керек"

Акар борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1971593
Акар: "Израиль бийлиги кол салууларды дароо токтотушу керек"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салуусун айыптагандарын белгилеп: «Израиль бийлиги аймактагы баш аламандыкты күчөтө турган бул кол салууларды дароо токтотушу керек»,-деди.

Акар борбор шаар Анкарадагы Улуттук Коргоо министрлигинде, Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салуулары жана Түркия-Греция карым-катнаштары тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Израилдин Рамазан айында мусулмандардын да ыйык жери болгон Месжид-и Аксага ички саясий себептерден улам жасалма шылтоолор менен кол салып жатканын билдирген Акар, Мусулман дүйнөсүнүн катуу реакцияларына карабастан зомбулуктун дозасын көбөйткөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Акар мындай деди:

«Израиль өткөн түнү Газа тилкесине ченемсиз күч колдонуу менен кол салууларды жасады. Израилдин бул кол салууларын катуу айыптайбыз жана наалат айтабыз. Адам укуктарын жана жалпы баалуулуктарды көрмөксөнгө салган бул агрессивдүү мамиле аймактагы чыңалууну ого бетер күчөтүүдө. Жасалма шылтоолор менен башталган бул кол салуулардын аймактык тынчтыкка доо кетирери анык. Израиль башкаруусу аймактагы баш аламандыкты арттыра турган бул кол салууларды дароо токтотушу керек».

Министр Акарга Түркияга конок катары келген Грециянын коргоо министри Николас Панагиотопулос менен 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркаган Хатайга сапары эске салынып, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын акыркы абалы суралды.

Жер титирөөлөрдөн кийин жаралган оң ​​жана конструктивдүү атмосфераны улантуунун маанисин баса белгилеген Акар: «Бул темадагы иш-аракттерибиз жана сүйлөшүүлөрүбүз уланууда. Алдыбыздагы мезгилде туризм күчөгөн 15-июндан 15-сентябрга чейин Эгей деңизинин эл аралык сууларында жана аба мейкиндигинде машыгуулардан качууну көздөгөн мораторийдин мөөнөтүн узартуу сыяктуу кээ бир маселелерде конкреттүү оң жылыштарды күтөбүз. Диалогдун эшиктеринин ачык болушу абдан маанилүү. Эгей менен Жер Ортолук деңизинин туруктуу кызматташтык чөйрөсүн түзүү менен чындап достук деңизине айланышын чын жүрөктөн каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар