Террордук топтордун активдери тоңдурулду

Казына жана каржы министрлиги тарабынан даярдалган «Активдерди тоңдуруу чечими» Расмий гезитте жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

1969717
Террордук топтордун активдери тоңдурулду

Террордук уюм ПКК/КЖК, ДЕАШ жана МЛКП (Марксист Ленинист Коммунисттик партия)  менен байланышы бар айрым жеке  жана юридикалык жактардын Түркиядагы мүлктөрүн тоңдурууга чечим чыгарылды.

Казына жана каржы министрлиги тарабынан даярдалган «Активдерди тоңдуруу чечими» Расмий гезитте жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

Буга ылайык ПКК/KЖK менен байланышы бар Лезгин Өрнек, Айфер Беклен, Неслихан Зерай, Майер Фукс Сюзанна, Шмид Пиа Барбара, Жөмерт Ардыч жана МЛКПга мүчө Хасан Дагделендин Түркиядагы мүлктөрү тоңдурулду.

 

Бир тараптан Түркиядагы ДЕАШ менен байланышы бар 6 адамдын жана 4 юридикалык жактын мал-мүлкүн тоңдурууга чечим чыгарылды.

Мүлкүн тоңдуруу чечими чыгарылган, ДЕАШ менен байланышы бар Невин Хамида, Супхи Хамида, Шакер Альхусайни, Мухамед Салах Мухамед Абдулвахид, Мухаммед Аль Ваки жана Омар Альваки деп тизмеленди.

 

DЕАШ менен байланышы бар юридикалык жактардын тизмесинде Disoft Teknoloji, Tasf. Hal. Sham Express  Sham Express Cargo Automotive, Tayba Almedine Тышкы соода, Хайыр  Санжак коомдук жана тилектештик бирикмеси катышты.Кайрымдуулук туусу социалдык жана жардамдашуу коому орун алды. 

 

 



Тектеш кабарлар