Биринчи Тогг Эрдоганга тапшырылды

Эрдоган : «Бүгүн улутубуздун 60 жылдык кыялынын ишке ашканына күбө болуудабыз»,-деди.

1969274
Биринчи Тогг Эрдоганга тапшырылды

Жергиликтүү электрлүү унаа маркасы Тогг өндүргөн биринчи эки унаа президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоганга тапшырылды.

Тоггдун T10X үлгүсүнүн алгачкы эки үлгүсүн тапшыруу үчүн борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган өндүрүлгөн алгачкы эки унааны алышты.

Эрдоган аземдеги сөзүндө: «Бүгүн улутубуздун 60 жылдык кыялынын ишке ашканына күбө болуудабыз»,-деди.

Эрдоган : «Бир гана Түркия жолдорунда эмес, дүйнө жолдорунда да Тоггубузду көрөбүз. Ылдамдык десе ылдамдык, ыңгайлуулук десе ыңгайлуулук. Ичинде эмен кааласаң бар»,- деди.

Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевге да бүгүн борбор шаар Бакуда Тоггдун тапшырыларын, Өзбекстанга да жиберүү үчүн процесстин улантылып жаткандыгын белгиледи.

Эмине Эрдоган да : «Өлкөм үчүн сыймытанып жатам. Унаанын колдонулушу да абдан ыңгайлуу. Ичинде өзүңүздү ыңгайлуу сезесиз. Унааны өндүрүүдө салымын кошкон баарына ыраазычылык билдирем»,- деди.

Тоггдун массалык өндүрүш линияларынан чыккан биринчи унаасын президент Эрдоганга тапшыруусу менен жылдын аягына чейин 20 миң унаанын колдонуучуларга жеткирилиши үчүн процесс башталды.



Тектеш кабарлар