Хаккариде бир террорист колго түшүп берди

Облустук коопсуздук башкармалыгынын топтору жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын иш-аракеттерин чечмелөө жана алдын алуу иштерин улантып жатышат.

1969084
Хаккариде бир террорист колго түшүп берди

Хаккари губернаторлугу, ынандыруу аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 1 террористтин коопсуздук күчтөрүнө багынып бергенин жарыялады.

Губернаторлуктун билдирүүсүндө, Облустук коопсуздук башкармалыгынын топторунун жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын иш-аракеттерин чечмелөө жана алдын алуу иштерин улантып жаткандары белгиленди.

Билдирүүдө: "Өзү жана үй-бүлөсү менен болгон жолугушуулардын натыйжасында 1-апрелде Хабур чек ара капкасында багынып берген террордук уюм ПКК/КЖКнын бир эркек мүчөсү облусубузга алып келинип үй-бүлөсү менен жолуктурулду жана зарыл болгон соттук териштирүүлөр башталды",-деп айтылды.



Тектеш кабарлар