Акар: «Түрк аскерлери чек арадан мыйзамсыз өтүүлөргө эч качан уруксат бербейт»

Хулиси Акар Хатайда билдирүү жасады.

1969148
Акар: «Түрк аскерлери чек арадан мыйзамсыз өтүүлөргө эч качан уруксат бербейт»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын чек араларынан мыйзамсыз өтүүлөр болуп жатат деген айтымдардын чындыкты чагылдырбаганын белгиледи.

Акар 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн зыян тарткан Хатайда текшерүүлөрүн улантууда.

Кырыкхан районунда жер титирөөлөрдөн жабыркагандар менен жолугушкан Акар, түрк аскерлеринин жер титирөө менен күрөшүүдөн тышкары чек ара коопсуздугу жана террорго каршы күрөш сыяктуу бардык иштерин үзгүлтүксүз улантып жаткандарын баса белгиледи.

Чек ара коопсуздугу үчүн көрүлгөн чараларга токтолгон Акар: «Түрк аскерлери эң алдыңкы технологияны колдонуу менен чек арадан мыйзамсыз өтүүлөргө эч качан уруксат бербейт»,-деди.

Министр Акар ошондой эле социалдык тармактарда жайылган жана чек арада тартылган делген көрүнүштөргө да көңүл буруп: «Башка өлкөлөрдө жана ар кайсы убактарда тартылган фото-видеолор аркылуу айрым комментарийлер жазылып жатат. Булар таптакыр туура эмес. Түрк аскерлери 7 күн 24 саат эң алдыңкы технологияны колдонуу менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чечкиндүүлүк жана жан аябастык менен иш-аракеттерин улантууда. Аскерлерибиз эч качан чек араларыбыздан мыйзамсыз өтүүлөргө уруксат бербейт»,-деди.

6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин «Түркияга качкындардын агымы күчөдү» деген дооматтардын айтылганын эске салган Акар, бул дооматтардын толугу менен чындыкка дал келбегенин жана жалган экенин билдирди.



Тектеш кабарлар