Йемендин Тышкы иштер министри Түркия - Йемен карым - катнаштары тууралуу билдирди

Бин Мубарек 2022-жылдын декабрь айында түрдүү тармактарда кызматташуу жана координация үчүн Түркияга келгендигин эскесалды.

1968398
Йемендин Тышкы иштер министри Түркия  -  Йемен карым - катнаштары тууралуу билдирди

Йемендин тышкы иштер министри Ахмед Авад бин Мубарек түрк өкөмтүнүн Йемен калкына жана мыйзамдуу өкмөтүнө колдоогон мамилесинин эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый байланыштардын мыкты көрсөткүчү экендигин белгиледи. 

Бин Мубарек билдирүүсүндө Йемендин Түркия менен болгон карым-катнаштарына токтолуп, Йемен менен Түркиянын ортосунда тарыхый байланыштар алып келген өзгөчө бир карым-катнаштын бар экендигин,   бул мамилелердин саясий, экономикалык жана маданий тармактарда ырааттуу прогресске жетишкенин билдирди.

Хусийлердин айынан өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон йемендиктерге тберген жеңилдиктер менен Йемен калкы жана өкмөтүнө берген  колдоодөн мактоо менен сөз кылган  Бин Мубарек 2022-жылдын декабрь айында түрдүү тармактарда кызматташуу жана координация үчүн Түркияга келгендигин эскесалды.



Тектеш кабарлар