ТРТ жаңы баштаган санариптик платформа ТРТ Африка таанытылды

Африка телеберүү биримдигине мүчө 30га жакын өлкөнүн каналдарынын жетекчилери менен медиа кызматкрелери  Стамбулдагы саммитке катышууда.

1968157
ТРТ жаңы баштаган санариптик платформа ТРТ Африка таанытылды

Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТ менен  Африка телеберүү биримдигинин кошкон салымы менен өткөрүлгөн ТРТ -  Африка 1 -  телеберүү саммитинде ТРТ жаңы баштаган санариптик платформа ТРТ Африка таанытылды. 

Африка телеберүү биримдигине мүчө 30га жакын өлкөнүн каналдарынын жетекчилери менен медиа кызматкрелери  Стамбулдагы саммитке катышууда. 

Саммитте сөз сүйлөгөн президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун : "Түркия катары жеке адамдар, коомдор жана мамлекеттер үчүн эң чоң коркунучтардын бири болгон дезинформацияга каршы  күрөштө өнүктүргөн күчтүү потенциалыбыз менен медиа жана коммуникация тармагындагы бардык тажрайбаларыбызды, мүмкүнчүлүктөрүбүздү Африка өлкөлөрү менен африкалык боордошторубуз менен бөлүшүүгө даярбыз",- деди. 

Алтун : "Батыш медиасынын Африкага карата басмырлоочу, четке кагуучу,  стандартташтыруучу жана терс дискурсту жана кабылдоону жараткан берүү түшүнүгүнө каршы иштелип чыгышы керектигине ишенебиз",- деди. 

Алтун : "ТРТнын өткөн жылы май айында ишке ашырган француз тилиндеги санариптик каналы да Африкада француз тилдүү 200 миллион киши менен француз тилдүү өлкөлөргө Түркия тууралуу туура маалыматтардын жеткирилиши менен Африка тууралуу маалыматтардын француз тилинде дүйнөгө туура билдирилишине мүмкүнчүлүк түздү",- деп айтты.  

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы : "Бүгүн ТРТ Африка менен эл аралык берүүлөр чынжырына жаңы жана күчтүү алкакты кошкон ТРТ эл аралык кабар платформа санын 7ге жеткирди. ТРТ Африка бул чоң  континенттин маданиятын, тарыхын, социалдык турмушун, саясий абалы жана билинбеген жүзүн болгондой ачып берүү үчүн берүүлөрүн баштап жатат",- деди.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да ТРТнын көптөгөн иш  - чарасы менен дүйнөнүн негизги глобалдык медиа актерлорунун бири болуу позициясын, туруктуу түрдө сактоону улантышарын айтты.

 



Тектеш кабарлар