Октай Жер титирөө изилдөөлөрү конференциясына видео билдирүү жөнөттү

Октай, Түркияда февраль айында кылымдын апааты деп сыпатталган катуу жер титирөөлөрдү башынан өткөргөнүн эске салды.

1967417
Октай Жер титирөө изилдөөлөрү конференциясына видео билдирүү жөнөттү

Вице-президент Фуат Октай илимге негизделген мамиле менен Түркияны дүйнөдөгү апааттарга эң даяр, апааттардан кийин эң тез жана эффективдүү чара көрө алган өлкө кылууну максат кылгандарын айтты.

Октай Түркиянын Илимий жана техникалык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) тарабынан онлайн уюштурулган Жер титирөө изилдөөлөрү конференциясына видео билдирүү жөнөттү.

Түркияда февраль айында кылымдын апааты деп сыпатталган катуу жер титирөөлөрдү башынан өткөргөнүн жана андан соң кээ бирлери дээрлик жер титирөөлөрдөй кыйратуучу күчтөгү кайталаган силкинүүлөдүн уланганын эске салган Октай, жер титирөө кабарынан кийин мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү менен бирге Түркиянын апааттарга туруштугун арттыруу жана апааттарды башкаруунун дагы эффективдүү болушу үчүн илимий мобилизацияны баштагандарын айтты.

Илим жана технологиянын флагманы болгон TÜBİTAKты илимий тармактагы мобилизациянын алдынкыларынын бири катары аныкташкандарын билдирген Октай, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде түзүлгөн «Түркиянын Улуттук тобокелдик калканы» моделине да негиз түзүү үчүн иш-аракеттердин башталганын белгиледи.

Бир тараптан жер титирөө зонасында талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп жатканда бир тараптан да коомдук илимдердин өлчөмдөрүнө көңүл бурулганын айткан Октай: «Биздин максатыбыз илимге негизделген мамиле менен Түркияны дүйнөдөгү кырсыктарга эң даяр, кырсыктардан кийин эң тез жана эң эффективдүү жооп берген өлкө кылуу»,- деди.



Тектеш кабарлар