Эрсин Татарга кол салуу аракетине каршылык көрсөтүүлөр...

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татарга карай оозеки кол салуу саясатчылар тарабынан айыпталды.

1967181
Эрсин Татарга кол салуу аракетине каршылык көрсөтүүлөр...

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татарга карай оозеки кол салуу саясатчылар тарабынан айыпталды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Эрсин Татарга багытталган кол салууну айыптады.

Шентоп социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Англиянын борбор шаары Лондондо Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарга багытталган кол салууну айыптайм жана ага эң жакшы каалоолорумду билдирем. Бул жана ушул сыяктуу чагымчыл аракеттер Кипр түрк калкынын туура иши үчүн күрөшүнө эч качан тоскоол боло албайт. Улуттук дообузда Кипр түрктөрүнө чечкиндүүлүк менен тилектештикти улантабыз»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай Эрсин Татар менен телефон аркылуу байланышып, жакшылык каалады.

Октай: «Түркия катары ар дайым жана бардык темада сиздер мененбиз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Татарга жакшы каалоолорун айтты.

Чавушоглу : «ТКТРнын өзгөчө Түрк Мамлекеттер Уюмуна байкоочу мүчө болуу менен барган сайын көрүнүүсү жогорулашына ичи күйгөн кипрлик румдар агрессивдүү боло баштады»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасынын милдетин аткаруучу Нуман Куртулмуш : «Татар мырзага багытталган бул кол салуу аракетине каршы Британия бийлигин тез арада чара көрүүгө чакырабыз»,-деди.

Куртулмуш : «Кипр түрктөрүнүн тагдыры биздин тагдырыбыз. Президентибизге жакшы каалоолорубузду билдиребиз»,-деди.

АК партиянын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да социалдык медиа эсебинен Лондондо Эрсин Татарга багытталган оозеки кол салууга каршы чыгып: «Кипр румдуку, Татарга өлүм» деп ураан чакырган фашисттердин мамилесине наалат айтабыз»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Англиядагы King's College London (KCL) программасына катыша турган университет кампусуна кирип бара жатканда, Грециянын желегин көтөргөн топ тарабынан жолу торолгонго аракет кылынды.



Тектеш кабарлар