Эрдоган-Заид сүйлөшүүсү
Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
1967531
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммед бин Заид менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүдө Түркия-БАЭ карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.
Президент Эрдоган Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн улам көрсөткөн тилектештик жана колдоосу үчүн БАЭге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле лидерлер бири-бирин Рамазан айы менен куттукташты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.