Президент Эрдоган Илим Йайма фондунун жыйынында сөз сүйлөдү

Эрдоган «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жер титирөөнүн жараларын айыктыруу үчүн күрөшүп, бир тараптан кылымдын долбоорлорун ишке ашырышкандарын айтты.

1965002
Президент Эрдоган Илим Йайма фондунун жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жер титирөөнүн жараларын айыктыруу үчүн күрөшүп, бир тараптан кылымдын долбоорлорун ишке ашырышкандарын айтты. 

Президент Эрдоган Стамбулдагы Ататүрк маданият борборунда өткөн Илим Йайма фондунун (Илимди жайылтуу фонду) 52 -  жалпы кеңешинде сөз сүйлөдү. 

Президент Эрдоган Аясофияны кайрадан мечитке айландыруу менен  Түркиянын саясий эана экономикалык көз карандысыздыгын дүйнөлүк масштабда каттагандыгын айтты.

Аймактык кызматташууну бекемдеп, сооданы өнүктүрө турган, адамдык карым - катнаштарды бекемдей турган, Басрадан Түркияга чейин созулган Өнүгүү жолу долбоорунун ишке ашырылышынын маанисин баса белгилеген президент Эрдоган : "Алдыдагы күндөрдө элибизге кубанычтуу кабарларды берүүнү улантабыз",- деди.

Президент Эрдоган : "Бүгүн жер титирөөнүн жараларын айыктырган, жумушчусуна, кызматкерине, пенсионерлерине бардык жардамды бере алган өлкөгө айландык. Кылымдын апааты менен күрөшүп, кылымдын долбоорлорун ишке ашыруудабыз",- деди.

«Ар кандай коркутууларга карабастан өлкөбүзгө жана улутубузга чечкиндүүлүк менен кызмат кылуу үчүн күрөшүбүздү улантышыбыз керек»,-деди Президент Эрдоган.
 

 

 


 



Тектеш кабарлар