Эрдоган Хатайда ооз ачуу программасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган ар мүмкүнчүлүктө жер титирөө болгон аймакка келерин жана шаарларды кайра куруу иштерин жакындан иликтей тургандыгын айтты.

1964862
Эрдоган  Хатайда ооз ачуу программасына катышты

 Президент Режеп Таййип Эрдоган ар мүмкүнчүлүктө жер титирөө болгон аймакка келерин жана шаарларды кайра куруу иштерин жакындан иликтей тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган Хатайда ооз ачуу программасына катышты. 6 -  февралда болгон жер титирөөлөрдө чоң кыйроого учураган аймактарда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Эрдоган : «Мындай оор апааттан тилектештик менен мамлекет жана улут биримдиги менен чыга алабыз. Жаз жана жай айларын мыкты пайдалануу менен шаарларыбызды кайра курууда бир кыйла аралыкты басып өтөбүз»,- деди.

Хатайды инфраструктурасы, башка курулуштар жана маданий байлыктары менен кайрадан өнүктүрүү үчүн убакыт менен жарышып жаткандарын баса белгилеген президент : «Жашоо калыбына келгенге чейин муниципалитеттер иштерин улантат. Биз да бул жерлерге келип кайгыңыздарды бөлүшүп, аткарылган иштерди көзөмөлдөйбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар