Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистанга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу Шариф жана Зардари менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1963945
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистанга көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жер титирөөдөн жапа чеккен Пакистандын ал-абалын сурады жана каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу Шариф жана Зардари менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдө министр Чавушоглу Ооганстандын Гиндикуш аймагында болгон жана Пакистанга да таасирин тийгизген 6,5 баллдык жер титирөөдөн улам көңүл айтып Пакистанга тилектештигин билдирди.

Пакистандын премьер-министри Шариф жана тышкы иштер министри Зардари да министр Чавушоглуна ырахмат айтышты.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан англисче жарыялаган билдирүүсүндө, жер титирөөдөн таасирленген Пакистан, Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Индия менен толук тилектештикте экендиктерин белгилеп: «Оюбуз жана дубабыз (жер титирөөдөн) таасирленгендер менен бирге»,- деди.

Чавушоглу Пакистан жана Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

21-мартта Ооганстандын Гиндукуш аймагында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, жер титирөө Пакистан, Индия жана Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө катуу сезилген.



Тектеш кабарлар