Мевлүт Чавушоглу донорлор конференциясынан кийин пресс - жыйын өткөрдү

Мевлүт Чавушоглу 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Эл аралык донорлор конференциясында берилен убадалардын Түркияны калыбына келтирүү жана кайра куруу аракеттерине чоң салым кошо тургандыгын айтты.

1962721
Мевлүт Чавушоглу  донорлор конференциясынан кийин пресс  - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Эл аралык донорлор конференциясында берилен убадалардын Түркияны калыбына келтирүү жана кайра куруу аракеттерине чоң салым кошо тургандыгын айтты.

Чавушоглу Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Эл аралык донорлор конференциясынан кийин маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу конференциянын уюштурулушуна жетекчилик кылган Европа Биримдиги комиссиясына жана Швеция менен бирге конференцияга колдоо көрсөткөн бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, «Конференцияга 65 өлкө, 26 эл аралык уюм жана каржы мекемеси катышты»,- деди.

Чавушоглу : "Конференцияда өлкөбүз үчүн буга чейин кабыл алынгандарды эсепке албаганда 6 миллиарддан ашык убада берилди. Түркия ар дайым дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун кыйын абалда болгон өлкө жана адамдарга биринчи болуп жардам берген өлкө болду. Ошол эле тилектештик жана сезимталдуулукту эми Европа Биримдиги жана эл аралык коомчулуктан көрүүдөн кубанычтуубуз»,- деди.

Чавушоглу : «Жаңы отурукташуу жерлерибизди дагы коопсуз, чыдамдуу кылып курабыз»,- деди.

Алдыда узун жана татаал бир процесстин тургандыгын, бирок мындан бардык мүмкүнчүлүктөрдү моблизациялоо менен чечкиндүүлүк менен өтүшөрүн баса белгилеген Тышкы иштер министри : «Каза болгон кишилердин ордун албетте толтура албайбыз. Бирок кыйрагандардын ордуна дагы жакшысын кура алабыз. Бүгүн берилген убадалар калыбына келүү жана кайра куруу иштерибизге абдан чоң салым кошот»,- деди.



Тектеш кабарлар