Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт

EUROCONTROL февраль айы үчүн аба кыймылы отчетун жарыялады.

1962286
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт

Стамбул аэропорту февраль айында 1269 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) февраль айы үчүн аба кыймылы отчету жарыяланды.

Отчетко караганда Түркия февраль айында күнүмдүк орточо 2 миң 384 каттам менен Европадагы эң кыймылдуу өлкөлөрдүн арасында 6-орунду ээледи.

Аталган айда эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында Түрк аба жолдору (THY) күнүмдүк 1309 учуу менен 2-орунду, Пегасус аба жолдору күнүмдүк орточо 386 каттам менен 11-орунду алды.

Стамбул аэропорту күнүмдүк 1269 учуу менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болуп, Стамбулдагы Сабиха Гөкчен аэропорту күнүмдүк орточо 538 каттам менен Европада 14-орунду ээледи.  



Тектеш кабарлар