Президент Эрдоган Эл аралык донорлор конференциясына катышты

130га жакын өлкөдөн жөнөтүлгөн жардамдардын жер титирөө болгон аймакка жеткенин айткан Эрдоган: "Ар бириңиздерге өзүмдүн, өлкөмдүн жана улутумдун атынан ыраазычылык билдирем. Бул оор күндөрдө көрсөтүлгөн тилектештикти эч качан унутпайбыз",-деди.

1962469
Президент Эрдоган Эл аралык донорлор конференциясына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 6-февралда болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн кийин эл аралык аренада көрсөтүлгөн тилектештикти эч качан унутпай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга колдоо көрсөтүү максатында Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы жана ЕБ Кеңешинин төрагасы Швеция тарабынан уюштурулган Эл аралык донорлор конференциясына Президенттик комплекстен түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган илимпоздор кургактыктагы эң чоң апаат деп айткан жер титирөөлөрдөн жабыркагандардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди жасап жаткандарын түшүндүрдү.

Жер титирөө алып келген кыйроонун чыгымынын болжол менен 104 миллиард долларга жете турганын белгилеген Эрдоган: "Мындай масштабдагы апаат менен эч бир өлкөнүн жалгыз күрөшүүсү мүмкүн эмес»,- деди.

130га жакын өлкөдөн жөнөтүлгөн жардамдардын жер титирөө болгон аймакка жеткенин айткан Эрдоган: "Ар бириңиздерге өзүмдүн, өлкөмдүн жана улутумдун атынан ыраазычылык билдирем. Бул оор күндөрдө көрсөтүлгөн тилектештикти эч качан унутпайбыз",-деди.

Эрдоган максаттарынын 1 жылда жер титирөө болгон аймактын муктаждыктарын канааттандыра ала тургандай курулуштарды куруу экенин маалымдады.

Президент үчүнчү өлкөлөрдүн Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам материалдарын жеткирүүлөрүндө керектүү жеңилдикти көрсөткөндөрүн белгилеп: "Биз мындай мамилени улантабыз",- деди. 



Тектеш кабарлар