Алтун: «Колдоо көрсөткөн бардык мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдиребиз»

Алтундун Түркиянын 6-февралда башынан өткөргөн жер титирөө апааты жана эл аралык тилектештик жана колдоо тууралуу жазган макаласы Францияда жайгашкан медиа уюму Euronewsтын кабар порталында жарыяланды.

1962502
Алтун: «Колдоо көрсөткөн бардык мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдиребиз»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын жер титирөөдөн кийин көргөн тилектештиктин улана турганына үмүт артарын билдирди.

Алтундун Түркиянын 6-февралда башынан өткөргөн жер титирөө апааты жана эл аралык тилектештик жана колдоо тууралуу жазган макаласы Францияда жайгашкан медиа уюму Euronews кабар порталында жарыяланды.

Макалада Түркиянын болуп көрбөгөндөй кыйроолорго алып келген табигый кырсыкты башынан өткөргөнүн эске салган Алтун Түркиянын түштүгүндө болгон эки чоң жер титирөөнүн Австриянын жалпы аянтынан чоңураак жана 13 миллиондон ашуун кишиге таасир эткенин белгиледи.

Алтун, көрсөтүлгөн глобалдык тилектештиктин миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууда таасирдүү болгонун баса белгиледи.

«Биз жер титирөөдөн кыйраган аймактарды калыбына келтирүүнү, бекемдөөнү жана коопсуз кылууну көздөп жатабыз»,-деп айткан Алтун: «Түркия катары колдоо көрсөткөн бардык мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга жана элдерге ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

Түркиянын апааттан кийин дароо пайда болгон көптөгөн кыйынчылыктардын көбүн жеңип чыкканын белгилеген Алтун: «Алдыдагы мезгилде бизди катуу күрөш күтүп турат.Өлкөбүздүн жер титирөөдөн кийин дароо көргөн тилектештиги уланат деп ишенем»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Түрк Мамлекеттер Уюму тарабынан уюштурула турган жолугушуулар, иш-чаралар жана Эл аралык донорлор конференциясына токтолгон Алтун: «Эл аралык колдоо түрк элинин азабын жеңилдетүү аракетибизге салым кошот»,-деди.



Тектеш кабарлар