Бүгүн 18 -Март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 108 – жылы

Чанаккаледе эскерүү иш-чараларынын биринчиси Республика аянтында өткөрүлдү.

1961639
Бүгүн 18 -Март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 108 – жылы
altin madalya bayrak.jpg
akar canakkale 18 mart.jpg
canakkale zaferi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын мамлекет жана улуту менен кыйынчылыктарга чыдаган, кризистерди мүмкүнчүлүккө айландырып, кайрадан жарала турган күчкө ээ экендигин айтты. 

Бүгүн 18 - Март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 108 – жылы.

Чанаккаледе эскерүү иш-чараларынын биринчиси Республика аянтында өткөрүлдү.

Иш - чара  Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Чанаккале өтүлгүс» деп жазылган алтын медалды таккан түрк желегинин көтөрүлүшү менен башталды.

Бир минуталык эскерүүдөн кийин гимн аткарылып, Чанаккале кысыгында якорь таштаган TCG Салихреис фрегатынан 21 замбирек огу атылды.

Иш  - чарага Австралиянын Чанаккале консулу Гарри Холл, Жаңы Зеландиянын Анкара элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Николь Слайт жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.

Иш  - чарадан улам Шейиттер эстелигинде  өткөрүлгөн аземге президент Режеп Таййип Эрдоган да катышты.

Президент бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын мамлекети жана улуту менен кыйынчылыктарга туруштук бере ала турган, кризистерди мүмкүнчүлүккө айландыра турган, кайрадан жарала турган дарамети бар экендигин айтты.

Эрдоган : "Өзгөчө жер титирөө жана сел апааты болгон бул кыйын мезгилде Чанаккале рухуна кайрадан муктажбыз. 49 миң киши каза болгон, 11 облусубузда олуттуу кыйроого жол ачкан жер титирөөнүн жараларын бул рухту жандандыруу менен гана айыктыра алабыз. 108 жыл мурда бул кыйынчылыктан кандай өткөн болсок, кылымдын апаатынан да тилектешик, боордоштук менен өтө алабыз",- деди. 

Биринчи Дүйнөлүк согушунда союздаш мамлекеттердин катарында Германия менен бирге согушка кирген Осмон мамлекети Чанаккале фронтунда улут катары күрөштү.

Түрк тарыхынын бурулуш жерлеринин бири болгон Чанаккале согушу 1915 – жылы 19 -февралда Чанаккале кысыгындагы деңиз согушу менен башталды. Андан кийин кургактыкта Седдүлбахир, Арыбурну жана Анафарталар фронтторунда улантылды.

325 күнгө созулган Чанаккале согуштары 1916 – жылы 9 -январда түрк армиясынын жеңиши менен аяктады.

Чанаккаледе 1915 -жылы 18 -мартта жетишилген деңиз жеңиши Түркиянын келечеги үчүн бурулуш жери болду жана Чанаккаленин өтүлгүс экендигин далилдеди.

 



Тектеш кабарлар