Мевлүт Чавушоглу : "Түрк мамлекеттри уюму баарыбыздын кыялыбыз эле"

Чавушоглу борбор шаар Анкарада президенттик комплексте өткөрүлгөн Tүрк мамлекеттери уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1960655
Мевлүт Чавушоглу : "Түрк мамлекеттри уюму баарыбыздын кыялыбыз эле"

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Түрк мамлекеттри уюму баарыбыздын кыялыбыз болчу. Эми ишке ашты. Институционалдык инфраструктурабызды күн сайын күчтөндүрүп, кызматташуубузду жаңы тармактарда кеңейтип жатабыз»,-деди.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада президенттик комплексте өткөрүлгөн Tүрк мамлекеттери уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Жыйынга Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтияр Саидов, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Кайрат Умаров, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, Түркмөнстандын Стамбул башкы консулу Мыратгелди Сейитмаммедов жана Tүрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

"Түрк мамлекеттери уюму биздин кыялыбыз болчу. Ал ишке ашты",- деген Чавушоглу : «Институционалдык инфраструктурабызды күндөн-күнгө күчтөндүрүп, кызматташуубузду жаңы тармактарда алып баруудабыз»,-деди.

Чавушоглу жашыл технологияны колдонгон, акылдуу шаарларды курган түрк дүйнөсүн куруулары керектигин белгилеп : «Глобалдык энергетика теңдемесинде салмагыбыз көбөйүүдө, Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру жана Транс-Анадолу жаратылыш газ кууру (ТАНАП) сыяктуу чоң масштабдуу энергетика долбоорлорун ишке ашырдык. ТАНАПтын Каспий аймагынан кошумча жаратылыш газын эл аралык рынокко алып чыгуу үчүн  кызматташтыкты арттырышыбыз керек»,- деди.  

Чавушоглу Азия кайрадан алдыңкы планга чыккан бул мезгилде Орто коридордун глобалдык соодадагы үлүшүн көбөйтүүсү керектигин баса белгиледи.

Чавушоглу мүчө мамлекеттердин экономикаларынын бекем интеграцияланышы үчүн Түрк инвестиция фондуна маани беришкендерин айтты.

Украинадагы согуш, Афганстандагы абалдар жана аймактагы башка маселелер Түрк мамлекеттери уюмун  жана анын мүчөлөрүн жакындан алектендиргендигин белгилеген Чавушоглу : «Тарыхтын агымында агууну эмес, орток  акыл менен багыт алууну тандашыбыз керек. Ошондуктан биримдикти чыңдообуз зарыл»,- деди.

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын байкоочу мүчө катары катышуусу бул жагынан маанилүү экендигин баса белгилеп : «Кипр түрк калкынын эгемендик теңдигинин, элдеринин жана тең укуктуу эл аралык статусунун тастыкталышы, учураган изоляция жана чектөөлөрдүн жоюлушу орток максатыбыз болушу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар