Чавушоглунун дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Чавушоглу баш катчы Гутерриш, ошондой эле Норвегия жана Тунистин тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү.

1959970
Чавушоглунун дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Гутерриш, ошондой эле Норвегия жана Тунистин тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөрдү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, министр Чавушоглу БУУнун баш катчысы Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Стамбул дан келишиминин мөөнөтүн узартуу жана Украинадагы акыркы абалдардын талкууланганы айтылды.

Министр Чавушоглу Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хюитфельдт менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглу 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин Норвегиянын көрсөткөн колдоосу жана тилектештиги үчүн Хюитфельдтке ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүдө НАТОнун кеңейиши, Стамбул дан келишиминин мөөнөтүн узартуу, Ооганстан жана Сомалидеги учурдагы окуялар талкууланды.

Мевлүт Чавушоглу Тунистин жаңы тышкы иштер министри Набил Аммар менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Чавушоглу норвегиялык жана тунистик кесиптештерине жер титирөөдөн кийинки колдоо жана тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар