Президент Эрдоган Хатайда

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн зыянга учураган Хатайдын Кырыкхан районуна иликтөө жүргүзүү үчүн келгенин айтты.

1958479
Президент Эрдоган Хатайда

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Зыянды аныктоо иштери аяктаганда айкын боло турганы менен азыркы кырдаалга ылайык Хатайда 183 миң үй жана 15 миң айыл үйүн курууну пландап жатабыз»,- деди.

Эрдоган билдирүүсүндө, 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн зыянга учураган Хатайдын Кырыкхан районуна иликтөө жүргүзүү үчүн келгенин айтты.

Эрдоган: «Мурунку жер титирөө, өрт жана суу ташкындарында шаарларыбызды кантип нөлдөн баштап курган болсок, мындан ары да эч кимди көз жаздымда калтырбайбыз деп үмүттөнөм»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Учурда жер титирөө болгон аймакка 426 миң чатыр тиктик, 2 айдын ичинде 100 миң контейнерди ишке киргизүүнү пландап жатабыз»,- деди.

Эрдоган: «Эл аралык чакырыкка жооп берген 100 өлкөнүн 90у абдан пайдалуу иштерди аткарышты. Мен өзүбүздүн мекенибиздеги жана чет өлкөлөрдөгү бардык досторума ыраазычылык билдирем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар