Акар Дан коридору тууралуу маалымат берди

Уланып жаткан ташуунун алкагында кечээ күнү Украина портторунан чыккан кемелердин саны 790га жетти.

1957357
Акар Дан коридору тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, дан демилгесинин тараптары болгон Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Украина жана Орусия менен процессти улантуу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандарын билдирди.

Хулуси Акар Украина данынын дүйнөгө жеткирилиши үчүн Стамбулда түзүлгөн дан коридору тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Министр Акар, 18-мартта мөөнөтү бүтө турган «Дан демилгеси документинин» улантылышы үчүн тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандарын айтып: «Дан демилгесинин тараптары болгон БУУ, Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Украина демилгенин мөөнөтүн узартуу боюнча экинчи жолу оң пикирин билдирди. Орусия дагы келишимдин мөөнөтүн узартууга оң көз карашта. Биз да дан демилгеси бардык тараптардын салымы менен уланат деп ишенебиз жана бул багытта ишибизди улантуудабыз», - деди.

Уланып жаткан ташуунун алкагында кечээ күнү Украина портторунан чыккан кемелердин саны 790га жетти.

Буудай, жүгөрү, арпа сыяктуу дан азыктарынын көлөмү 23 миллион 400 миң тоннадан ашты.

Коридор аркылуу өткөн эгиндин 40% Европага, 30% Азияга, 13% Түркияга, 12% Африкага жана 5% Жакынкы Чыгышка ташылды.



Тектеш кабарлар