Чавушоглу Аль Танини куттуктады

Чавушоглу кесиптеши Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1956433
Чавушоглу Аль Танини куттуктады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, премьер-министрликке дайындалган Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Танини куттуктады.

Чавушоглу кесиптеши Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө министр Чавушоглу Мухаммед бин Абдуррахман Аль Танини премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктады.

Аль Тани премьер-министрликтен тышкары тышкы иштер министри катары да кызматын улантат.

Катардын жаңы премьер-министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль-Тани 2016-жылдын 27-январында тышкы иштер министрлигине жана 2017-жылдын 15-ноябрында буга кошумча вице-премьер-министр болуп дайындалган.



Тектеш кабарлар