Чавушоглу Жаңы Делиде көптөгөн кесиптеши менен жолугушту

Министр Чавушоглу эки тараптуу жолугушуулары тууралуу Твиттерден маалымат берди.

1954076
Чавушоглу Жаңы Делиде көптөгөн кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн барган Индиянын борбор шаары Жаңы Делиде көптөгөн кесиптеши менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынында Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абдулла бин Заид Аль Нахайян, ошондой эле Испаниянын тышкы иштер, Европа Биримдиги (ЕБ) жана кызматташтык министри Хосе Мануэль Альбарес, Шри-Ланканын тышкы иштер министри Али Сабри, Бразилиянын тышкы иштер министри Мауро Виейра жана Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Грлич-Радман менен өз-өзүнчө жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуулары тууралуу Твиттерден маалымат берген Чавушоглу: «Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри Зайед менен экономикалык кызматташтыгыбыз баш болгон мамилелерибизди талкууладык»,-деди.

Чавушоглу Испаниянын тышкы иштер министри Альбарес менен НАТОнун кеңейүүсү жана Украинадагы абалды сүйлөшкөндөрүн айтты.

Шри-Ланканын тышкы иштер министри Али Сабри менен болгон жолугушуусунда транспорт тармагындагы кызматташтыктын талкууланганын белгилеген Чавушоглу, Бразилиянын тышкы иштер министри Виейра менен аймактык темалардын сүйлөшүлгөнүн билдирди.

Чавушоглу Хорватиянын тышкы иштер министри Грлич-Радман менен Балкан өлкөлөрүндөгү акыркы абалды талкуулагандарын белгиледи.

Министр Чавушоглу Бириккен Араб Эмираттары, Бразилия, Шри-Ланка, Испания жана хорватиялык кесиптештерине Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн улам көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар