Тышкы иштер министри Грециянын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Мевлтү Чавушоглу Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиаска көңүл айтты.

1953211
Тышкы иштер министри Грециянын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө  министр Чавушоглу кечээ кечинде Грецияда болгон поезд кырсыгына байланыштуу көңүл айтты",- деп билдирилди. 

Грециянын Лариса шаарына жакын жерде жүргүнчүлөрдү ташыган поезд менен жүк ташуучу поезд кагылышты.

Маалым болгондой, кырсыктан 36 адам каза болуп, 66 адам ооруканада дарыланууда.



Тектеш кабарлар